Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Ош

Айыл турмушу: Эркин-Тоо айылы кыргыз тилиндеги алгачкы гезиттин урматына аталган

Turmush -  Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылы Кыргызстандын туңгуч гезити «Эркин-Тоонун» урматына аталып калган. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Гулира Акылбек кызы айтып берди.

«Айылда булактар көп, сууга мол жер болгондуктан мурда Кош-Булак аталып, негизинен басыз уруусу жашап турган экен. Кийин колхоздоштуруу маалында жергиликтүүлөр кеңешип отуруп, айылдын атын өзгөртүүнү ойлошкон. Айыл тургундары 1924-жылы чыккан Кыргызстандын алгачкы "Эркин-Тоо" гезитин окугандан кийин жерибиз дагы, элибиз дагы эркин болсун деген тилекте айылдын атын Эркин-Тоо деп атап коюшкан», - деди Г.Акылбек кызы.

4

Ал белгилегендей, Кыргызстандын түштүгүндө биринчилерден болуп Эркин-Тоо айылында ГЭС курулган. Тоо арасындагы айылда күйгөн электр шамын коңшу аймактар суктанып карап турушкан.

Учурда Эркин-Тоо айылында 2 миңден ашуун калк жашайт. Жашоочулар мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенишет. Айыл ичинде бала бакча, ФАП, орто мектеп бар.

«Эркин-Тоо» гезити — кыргыз тилинде чыккан туңгуч гезит. Анын алгачкы саны 1924-жылдын 7-ноябрында Ташкент шаарында жарык көргөн. Кийинчерээк ал «Кызыл Кыргызстан», «Советтик Кыргызстан» аталып, учурда «Кыргыз туусу» деген аталышта жарык көрүп жатат.

1

1991-жылдын 3-июлунда «Эркин Тоо» аталышы менен дагы бир гезиттин алгачкы саны жарыяланган. Бул гезит Кыргызстандын мыйзамдарын жана башка расмий кагаздарын жарыялап келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6772
Элдик уламыштар
Көп окулду
×