Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 06.07.2016 09:44

Кыргызстанда очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Кыргызстандын аймагында кечээ, 5-июлда саат 12:01де очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

УИАнын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Алай тоо кыркаларында, Алайдагы Нура айылынан түштүк-батышка 30 чакырымда, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка 20 чакырымда, Бар-Дөбө айылынан чыгышка 25 чакырымда жайгашты.

Жер титирөө Бор-Дөбө, Кара-Киндик жана Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга сезилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп маалымдайт ӨКМ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×