Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 06.07.2016 09:51

Ошто башка документ менен чет өлкөгө кетүүгө аракеттенген 16 жаштагы кыз кармалды

Turmush -  Кечээ, 5-июлда Оштогу эл аралык аэропортто Ош–Москва каттамындагы №965 каттамды текшерүү учурунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген кыргызстандык адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Кыргызстандын 2000-жылы туулган тургуну К.Г. көзөмөлдөн өтүү учурунда башка жаранга таандык болгон туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү көрсөткөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган кыз УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×