Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 06.07.2016 09:54

Бүгүн өлкө аймагында 5 баллдык жер титирөө катталды

Turmush -  Кыргызстандын аймагында бүгүн, 6-июлда саат 03:00дө очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

УИАнын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Алай тоо кыркасында, Алайдагы Нура айылынан түштүк-чыгышка 40 чакырымда, Бор-Дөбө айылынан чыгышка 15 чакырымда, Кара-Киндик айылынан түштүккө 20 чакырымда, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышка 30 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 3 баллга, Нура айылында 2,5 баллга сезилди.

Кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп маалымдайт ӨКМ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×