Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу, Ош 06.07.2016 14:50

Мурда соттолгон 19-20 жаштагы жигиттер кайрадан 5тен ашык тоноо фактысы менен кармалды (фото)

Turmush -  4-июль күнү Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаарда тоноочулук кылып жүргөн эки атуул колго түштү. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 1996-жылы туулган Нурланбек жана Көлдүк айылынын 1997-жылы туулган Курсант аттуу тургундары Ош шаарынын Т.Кулатов кичи шаарчасындагы тургунду уруп, 24 миң сомдук «Самсунг С-5» телефонун тоноп алгандан кийин колго түшүшкөн.

Алар мындан башка 5 адамды тоноп, 4 телефон жана 2 миң сом тартып алганын мойнуна алышты.

Кармалган Нурланбек мурда дагы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен, Курсант КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноочулук) жана 164-беренеси (уурулук) менен соттолгондору маалым болду.

Тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×