Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуНоокат району 06.07.2016 17:45

Оштогу мурунку атка минер 175 миң сом пара үчүн 11 жылга кесилди

Turmush -  Бүгүн, 6-июлда Жогорку сот Ноокат райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын мурунку башчысы Жолдош Атабаевге карата чыгарылган Ош облустук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Паракорчулук менен айыпталган Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Атабаев 12-апрелде Ош облустук сотунун өкүмү менен 11 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Ага чейин 11-мартта Ош шаардык соту тарабынан үй-мүлкү конфискацияланып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Окуя тууралуу:

Аталган башкармалыкты 2014-жылдын ноябрь айынан баштап 2015-жылдын 7-августуна чейин башкарган Ж.Атабаев кол алдындагы кызматкерлерден негизсиз пара талап кылгандыгы аныкталгандыгы маалымдалган. Иликтөөлөр менен жалпы 14 кызматкерден 175 миң сом пара алгандыгы маалым болду.

Анын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү жана 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Сүрөттөр мурунку отурумдан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×