Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуКара-Суу району 07.07.2016 10:23

Кара-Кулжадагы жайлоого бара жаткан «Нива» жарга асылып калып, айдоочу менен 3 жаштагы бала куткарылды

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Ажике жайлоосуна бара жаткан «Нива» үлгүсүндөгү унаа 5-июлда саат 00:44 чамасында жолдон чыгып, жарга асылып калган. Унаанын ичинде 2 адам болгон, деп маалымдайт ӨКМ.

ӨКМдин № 66 өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары №26 жол тейлөө ишканасынан атайын унаа келгенче кулаган унааны трос менен кармап турушкан. Жыйынтыгында айдоочусу — 35 жаштагы Таштанбек Абытов жана анын досунун уулу — 3 жаштагы Нурдөөлөт Алимжановдун өмүрү сакталып калды.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×