Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуКара-Суу району 08.07.2016 16:51

Кара-Сууда кайын атасы өз келинин мууздап өлтүрдү

Turmush -  Кечээ, 7-июлда Ош облустук ооруканасынын дарыгери Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну А. кызы Ж. денесинен оор жаракат алып, каза болгонун Кара-Суу РИИБге кабарлаган.

ИИМдин Ош шаары менен Ош облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул ишке каза болгон келиндин кайын атасы шектелүүдө.

«Саат 20:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын 1948-жылы туулган тургуну Б.А. менен 1980-жылы туулган келини А. кызы Ж. үй-бүлөлүк талаш-тартыштан улам кайым айтыша кетишкен. Андан улам келинин мойнуна жана көкүрөгүнө 5 жолу бычак менен сайган кайын ата үйүнөн качып кеткен. Жабырлануучу келин Ош облустук ооруканага жетпей каза болгон. Ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында изи сууй электе кылмышка шектүү Б.А. кармалып, Кара-Суу РИИБге камакка алынды», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Тийиштүү материалдар топтолуп, экспертизалар дайындалды.

Кылмыш ишти тергөө уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×