Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу, Ош 11.07.2016 08:43

Ак-Буурага аккан аялды куткарам деген күйөөсү менен жергиликтүү тургун кошо чөгүп кетти

Turmush -  Ош шаарындагы Төлөйкөн айылынын аймагында Ак-Буура дарыясына 3 адам чөгүп каза болду. Окуя кечээ, 10-июлда саат 14:45те болгон, деп маалымдайт ӨКМ.

«Жеткинчек» балдар лагеринин жанында, Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алып отурган Бактыбек кызы Нурайым сууга агып кеткен. Аны көргөн жолдошу Кыялбек Токтосунов аялын куткаруу үчүн сууга секирген. Ал экөөнү куткаруу үчүн Тилек Ормонов менен Төлөгөн Сайдуллаев дагы сууга секиришкен.

ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Бактыбек кызы Нурайымдын денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ошол жердеги эс алуучулар Төлөгөн Сайдуллаевдин денесин тапты. Ал эми, Кыялбек Токтосуновдун денеси милиция кызматкерлери тарабынан табылган.

Жабырлануучулардын төртүнчүсү – Тилек Ормонов оор абалда ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×