Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуКара-Суу району 11.07.2016 11:43

Чаар-Айгыр көлүнө окуучу бала чөгүп кетти

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы Чаар-Айгыр көлүнө 8-июль күнү саат 14:20 чамасында 8-класстын окуучусу түшүп жатып чөгүп кеткен. Көлгө чөгүп кеткен окуучу (эркек бала) Кызыл-Туу айылынын тургуну, Э. лыкулов орто мектебинин окуучусу болгон.

Окуя болгон жерге барган 7 куткаруучу саат 18:13 чамасында окуучунун денесин таап чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×