Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуКара-Суу району 11.07.2016 13:44

Фото, видео - Бири-бирин куткарам деп Ак-Буурага 3 адам чөгүп кетти

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында Ак-Буура дарыясынан бөлүнгөн суу топтолуучу жай бар. Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалгандай, андан бөлүнгөн суу Ош жана Кара-Суу райондорун камсыздайт.

Жергиликтүүлөр белгилегендей, бул жерде сууга түшүү кооптуу.

2014-жылдын июль айында жергиликтүү тургун сууга түшүп жатып чөгүп кете жаздаган. Учурда суу бөлүштүрүүчү жайдын аймагы тосмолонгон, бирок ага карабаган айрым жашоочулар сууга түшүүнү улантууда.

Мурда маалымдалгандай, кечээ, 10-июлда саат 14:45 чамасында Ак-Буура дарыясына 3 адам чөгүп каза болду.

ӨКМ билдиргендей, «Жеткинчек» балдар лагеринин жанында, Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алып отурган Бактыбек кызы Нурайым сууга агып кеткен. Аны көргөн жолдошу Кыялбек Токтосунов аялын куткаруу үчүн сууга секирген. Ал экөөнү куткаруу үчүн Тилек Ормонов менен Төлөгөн Сайдуллаев дагы сууга секиришкен.

ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Бактыбек кызы Нурайымдын денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ошол жердеги эс алуучулар Төлөгөн Сайдуллаевдин денесин тапты. Ал эми, Кыялбек Токтосуновдун денеси милиция кызматкерлери тарабынан табылган.

Жабырлануучулардын төртүнчүсү – Тилек Ормонов оор абалда ооруканага жеткирилди.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×