Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 12.07.2016 13:56

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Ури» кармалды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-июлда эртең менен Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун «Ури» каймана аттуу мүчөсү К.Урмат кармалды. Ал Жалал-Абад шаарында кармалганын Ош ШИИБден кабарлашты.

Кармалган жаран Ош шаарындагы «Жапалак» унаа базарынан «Mercedes-Benz Е-класс» унаасын 19 миң долларга насыяга алдоо жолу менен алып, кайра күрөөканага 12 миң долларга сатып жиберген. Андан бери унаанын ээсине акчасын бербей, качып жүргөн.

Мындан тышкары, аталган унаа базардан 16 миң долларга насыяга алган «Лексус-330» унаасын 8 миң долларга саткан.

Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал буга чейин 166-234-беренелер соттолгону белгилүү болду.

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү К.Урмат 1989-жылы Алай районунда туулган.

Сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо милицияга кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×