Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Элдик уламыш: Суунун тартыштыгынан Какыр аталган айылда учурда суу мол (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Какыр айылындагы айдоо жерлери таштак болуп, суу бат сиңип кеткендиктен Какыр аталып калган. «Какыраган» деген сөз кыскартылып, «какыр жер» делип жүргөнүн аталган райондун тургуну Карыпбек Асанбеков аймактык кабарчыга билдирди.

«Илгери бул айылда суу дагы жетиштүү болгон эмес. Суунун этегинде жайгашкан айыл болгондуктан кургак болгон. Кийин Көлдүк айылынан суу тартылып келип, азыр суусу мол айылга айланды. Айыл элинин көпчүлүгү күрүч эгүү менен алектенишет», - деди К.Асанбеков.

Айылдын аталышы боюнча эл ичинде экинчи вариант дагы айтылып жүрөт.

«Менин укканым боюнча мурун бул айылда суу көп болгон. Элет эли дыйканчылык менен алектенип келгендиктен айдоо жеринин көпчүлүгү таштак чыгып, сугат суу дароо сиңип, какырап калчу экен. Ошондон улам аты коюлуп калган. Союз мезгилинде бул айылда "Калинин" совхозу уюшулуп, Калинин аталып келген.

Учурда айылда мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдыевдин атасынын аты ыйгарылган Сатыбалды уулу Жолдош атындагы мектеп, 1 ФАП, маданият үйү бар», - деди аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жумалы Култаев.

Учурда айылда 250 түтүн эл жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7004
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×