Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 12.07.2016 17:38

2 жолу соттолгон алдамчы аял Ошто кайрадан камакка алынды (фото)

Turmush -  Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген 52 жаштагы Рано аттуу аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.

Маалым болгондой, ал Ош шаардык Мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгында иштейм деп алдап, жер тилке алып берүү убадасы менен 3 тургундан 3 миң доллардан акча алган. Ал кармалгандан кийин дагы эки адамдын унаасын сатып берүү убадасы менен алдап алганы аныкталды.

Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси менен 5 факты боюнча кылмыш иши козголуп, кечээ, 11-июлда эки айга камакка алынды. Ошондой эле, буга чейин алдамчылык менен эки жолу соттолгондугу маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×