Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусу, Ош 13.07.2016 12:58

Оштогу дүкөндө сатуучу кызды бычак такап коркутуп, 58 миң сом тоноп кеткен кылмышкерлер кармалды (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы «Эрбол» дүкөнүнө ушул жылдын 3-мартында түнкү саат 12:30да эки белгисиз адам бет кап менен кирген. Алар соода кылган кызды бычак менен коркутуп, 58 миң сомун карактап кетишкен.

Кечээ, 12-июлда Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан карактоого шектүү катары Талас облусунун 1986-жылы туулган Т.Эрмек аттуу тургуну жана Бишкек шаарынын 24 жаштагы Кайрат аттуу тургуну кармалды.

Таластык Эрмек уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы, «Темир» каймана аты бар экени маалым болду.

Кармалгандарга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Алар «Эрбол» дүкөнүн карактаганы боюнча далилдер аныкталды.

Кармалгандар мурда дагы 167-берене менен соттолгондугу маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×