Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 13.07.2016 16:38

Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там жолунда 7 жерден сел жүрдү (фото)

Turmush -  Кечээ, 12-июлда Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там жолунун 131-137-чакырымдарынын 7 жеринен сел жүрдү. Унаа жолдор өз убагында тазаланды, деп билдирди райондун №959 жол тейлөө кызматынын жетекчиси Ганыжан Ибрагимов аймактык кабарчыга.

Анын айтымында, унаа жолдогу каттам сел жүргөн учурда 15 мүнөткө токтоду.

«Сел жүрүп жаткан мезгилде гана унаалар өтпөй турушту. Сел токтогондо дароо таштарды терип, жол ачылды. Сел саат 16:30да каптап, биздин кызматкерлер 20:00гө чейин 4 саатта асфальт жолду толугу менен тазалап бүтүштү. Өзүм дагы ошол жерде болдум. Бүгүн жолдун каптал тараптары тазаланып жатат. Сел катуу болду», - деди Г.Ибрагимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×