Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу, Ош 13.07.2016 18:11

2 жолу соттолгон 25 жаштагы жигит мүрзөнүн арасына катып койгон автоматка кардар издеп жүргөн жеринен кармалды (фото)

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын 1990-жылы туулган Н.Н. аттуу жашоочусун кармашты. Ыкчам иликтөө учурунда ал «Калашников» үлгүсүндөгү автоматты 200 долларга сатууну көздөп, кардар издеп жатканы маалым болгон.

Оперативдүү иш-чаралардын негизинде кармалган шектүү алгачкы эле суракта куралды бирөөдөн 2015-жылы алгандыгын жана аны сатууга кардар издеп жүргөнүн айтты. Оперативдүү тергөө тобу менен биргеликте барып, куралды Ош шаарынын Шейит-Дөбө аймагында жайгашкан мүрзөлөрдүн бирине катып койгон жеринен көрсөтүп берди. «АК-74» үлгүсүндөгү курал 20 огу менен кошо табылды.

«Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, табылган курал 2010-жылы Бишкек шаарындагы апрель окуясында жарандар тарабынан күч түзүмдөрүнүн биринен тартып алынган», - деп айтылат Ош ШИИБдин билдирүүсүндө.

Шектүү — Н.Н. 1990-жылы Ош шаарында туулган. Мурда эки жолу уурулук жасагандыгы үчүн соттолгон.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×