Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусу, Ош 14.07.2016 13:58

Ош шаарынан түшкөн жүргүнчү кызды мас абалдагы 3 жигит күч колдонуп зордуктаган (фото)

Turmush -  Ош шаарынан түшкөн жүргүнчү кызды мас абалдагы 3 жигит күч колдонуп зордуктаган.

Ош ШИИБдин Патрулдук милиция кызматкерлери бүгүн, 14-июлга караган түнү мамлекеттик номуру жок катуу ылдамдыкта бара жаткан «Опель-Вектра» үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылышкан. Бирок, айдоочу токтобостон жолун уланткан. Артынан көзөмөлдөп барган милиция кызматкерлери аталган унааны Т.Касымбеков жана У.Салиева көчөлөрүндө токтогон жерден кармаган. Кармалган учурда айдоочу менен 2 жүргүнчү мас абалда болушкан.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочу алгач унаанын мамлекеттик номурун чечип, багажга салып койгондугун айткан. Анын себебин номурлар жакшы катырылбай жаткандыгы менен түшүндүргөн. Бирок, анын себеби башкада болуп чыкты.

Милиция кызматкерлери мас абалдагы жаш жигиттерди кармалган жеринде суракка алып жатканда такси менен жаш кыз келип, алар аны алдоо жолу менен Кара-Суу районунун Фуркат айылы тарапка алып барып, үчөөлөп зордуктагандыгын айткан. Жабырлануучу кыздын көйнөгү бир нече жерден жыртылган.

Кармалган 3 жигит менен жабырлануучу кыз Ош ШИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилип, кылмыш иши козголду.

Тергөөдө белгилүү болгондой, кармалгандар 21 жаштагы кызды жолдон жүргүнчү катары салып кетип, орто жолдон үчөөлөп зордукташкан. Окуядан кийин айдоочу унаасынын мамлекеттик номурларын кыз эстеп калбашы үчүн чечип салган. Кылмыштуу аракеттеринен кийин кызды Ош шаарына алып келип таштап кетишкен.

Жабырлануучу кыз зордукчулардын дарегин билип, кайда барганын аныктоо үчүн такси жалдап, артынан акмалап жөнөгөн.

Шектүүлөр — Кара-Суу районунун Жарооз айылынын 1993-жылы туулган тургуну Б.Н., 1995-жылы туулган Б.Т. жана 1995-жылы туулган А.А. камакка алынып, тергөөлөр улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×