Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу, Ош 14.07.2016 15:29

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсү кармалып, 14 кылмыштын бети ачылды

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери акыркы 3 сутканын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсүн колго түшүрүп, мыйзамсыз 1 автомат табышты.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, мурда катталган 6 кылмыштын, изи сууй электе 8 кылмыштын, жалпы 14 кылмыштын бети ачылды. Алардын ичинде алдамчылык, уурулук бейбаштык, денеге оор залал келтирүү, мыйзамсыз курал сактоо жана каракчылык кылмыштары бар.

Turmush басылмасына маалымдалгандай, 12-июлда эртең менен Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун «Ури» каймана аттуу мүчөсү К.Урмат кармалды.

Ош шаарындагы «Эрбол» дүкөнүнө ушул жылдын 3-мартында түнкү саат 12:30да эки белгисиз адам бет кап менен кирген. Алар соода кылган кызды бычак менен коркутуп, 58 миң сомун карактап кетишкен.

Кечээ, 12-июлда Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан карактоого шектүү катары Талас облусунун 1986-жылы туулган Т.Эрмек аттуу тургуну жана Бишкек шаарынын 24 жаштагы Кайрат аттуу тургуну кармалды.

Таластык Эрмек уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы, «Темир» каймана аты бар экени маалым болду.

Т.Эрмек

Ш.Кайрат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×