Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Ош 14.07.2016 16:23

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жер титирөө 5 баллга жетти

Turmush -  Бүгүн, 14-июлда саат 12:53дө Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. УИАнын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашып, Ош шаарынан түштүк-чыгышка 140 чакырымда, Алайдагы Нура айылынан түштүк-батышка 48 чакырымда, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка 20 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 4 баллга, Нура, Кара-Киндик айылдарында 3 баллга, Эркеч-Там менен Сары-Ташта 3 баллга сезилди.

Кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп маалымдайт ӨКМ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×