Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 16.07.2016 14:09

6 айда Оштогу маршруттук унаалардын кырсыктарынан 18 адам жабыркады

Turmush -  Ош шаарында 6 айда маршурттук каттамдар арасында 11 жол кырсыгы катталып, 18 адам жабыркады. Бул тууралуу Ош шаардык Патрулдук милициясынын жол кыймыл тескөөчүсү Бакыт Бакиров билдирди.

Анын айтымында, жол эресин бузган 20 маршурттун айдоочусуна чаралар көрүлдү.

«Ош шаарында жалпысынан маршурттук каттамдар арасында 11 жол кырсыгы катталган. 18 адам жабыр тарткан. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу аз. Андан сырткары жол эресин сактабаган 20 айдоочуга чаралар көрүлдү. Бүгүн уаалардын жетекчилери менен сүйлөшүп, аялдамадан сырткары жерге токтогондорго чаралар көрүлөөрүн эскерттик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×