Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 17.07.2016 12:58

Ошто жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-июлда Ош шаарындагы А.Масалиев менен Р.Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде 2 унаа сүзүштү. Алардын бири жеңил унаа болсо, экинчиси жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус, деп билдирди кабарчы.
Кырсыктан жабыркагандар жок. Бирок, унаалар оңдотууга муктаж.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери кырсыктын себебин аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×