Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 18.07.2016 00:35

«Ош» эл аралык аэропортунда иштеген 3 балалуу аял өлтүрүлдү (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы эл аралык аэропортто эмгектенген аялдын өлүмү ачылгандыгын 17-июлда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 15-июлда саат 17:35те нөөмөт бөлүмгө Масалиев проспектисинде жайгашкан батирден 35-40 жаштар чамасындагы аялдын денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат берилгенден кийин ШИИБдин жетекчиси, прокурордун орун басары жана оперативдүү топ чыгып кеткен. Окуя болгон жерден төшүнө бычак сайылган аялдын денеси табылган.

Ыкчам иликтөөлөр менен каза болгон аялдын өздүгү такталып, Кулатов кичи районунун 1980-жылы туулган жашоочусу Ж.Самара  болуп чыкты. Ал «Ош» эл аралык аэропортунун көзөмөл пунктунун кызматкери, 3 баланын энеси болгон. Анын өлүмү боюнча тиешелүү экcпертизалар дайындалып, Ош облустук экcпертиза бюросу каза болгон аялдын төшүнө 2 жолу жана сол колуна бычак сайылганын аныктады.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин  2-бөлүмүнүн 6-пункту менен кылмыш иши козголуп, ыкчам топту Ош ОИИБдин жетекчиси Кылыч Жолдошев жетектеди. Бул факты боюнча 100дөн ашык адам күбө катары суралды.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында Өзгөн шаарынан токтотулган унаанын ичинен шектүү кылмышкер кармалды. Шектүү – А.А. Ош облусундагы Кара-Суу районунда туулган. Тергөө учурунда шектүү Ж.Самара экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, андан улам ашкана бычагы менен анын төшүнө сайганын айтып берди. Ошондой эле, Самарага тиешелүү уюлдук телефон менен акчаны алып, Бишкек шаарына качып кетүүнү чечкен. Кылмышкерде Самараны тоноо максаты болушу мүмкүн деп божомолдонууда.

Шектүү камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат. Камактагы жаран 1966-жылы туулган,  3 баланын атасы. Үй-бүлөсү менен ажырашып, эч жерде иштебей жүргөн.

«Ош» аэропортунда иштеген 3 балалуу аялды бычактап өлтүргөн шектүүнүн сүрөтү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×