Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуНоокат району 18.07.2016 10:59

Ноокаттык тургун үйүндө ок атуучу куралды ок-дарылары менен сактап жүргөн (фото)

Turmush -  Ыкчам маалыматтардын негизинде Ош ШИИБдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ноокаттын Бел-Кайрагач айыл аймагындагы Бел-Өрүк айылынын 1962-жылы туулган тургуну Ж.Камалидин ИЖ-563 (Белка-3) үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралды сатуу максатында мыйзамсыз алып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кармалган жаран жашаган даректе тинтүү жүргүзүлгөндө 2 даана ок атуучу курал, 22 даана бош сайсыз куралдын гильзалары, 3 даана сайсыз куралдын даярдалган октору, 6 даана ТОЗ үлгүсүндөгү сайлуу куралдын 5,6 мм калибрдеги октору жана майда коргошун ок-дарылар жашырылып турган жеринен табылды.

Алынган курал-жарак жана ок-дарыларга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тийиштүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×