Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 18.07.2016 12:13

Элдик уламыш: Кара көлмөлөрдөн улам Чулук аталган айыл (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чулук айылы саздуу келип, айыл ичинде кара көлмөлөр орун алгандыктан Чулук аталып калган. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Абдылкасым Абдукалилов аймактык кабарчыга билдирди.

«Биздин айылдын этегинде чоң саз бар. Айыл ичинде кичине чуңкурчаларда эле кара көлмөлөр пайда боло берген. Ошондонбу, чуңкурлары көп айыл деп жүрүп, Чулук наамына ээ болуп калган.

Айылдын төрт тарабын тең тоолор курчап турат. Деңиз деңгээлинен бийик жайгашкандыктан айыл элинин басымдуу бөлүгү дыйканчылык кылбай, мал чарбачылык менен алектенишет. Айылыбыз райондун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан», - деди А.Абдукалилов.

Чулук айылы Жекенди айыл өкмөтүнө карайт. Айылдагы 900гө жакын жашоочуга ФАП, мектеп, бала бакча жана мечит кызмат көрсөтөт.

2008-жылы аталган айылдан чыккан Анапия казынын 135 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×