Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу 18.07.2016 13:00

Кыргызстандын аймагында жер титиреди

Turmush -  Бүгүн, 18-июлда саат 09:06да Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Оштун Чоң-Алай районундагы Карамык айылынан чыгышка 5 чакырымда, Кара-Тейит айылынан чыгышка 10 чакырымда, Жаш-Тилек айылынан түштүк-батышка 20 чакырымда, Дароот-Коргон айылынан түштүк-батышка 30 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Карамык, Кара-Тейит айылдарында 3,5 баллга, Жаш-Тилек, Чак , Жар-Башы, Кулчу айылдарында 3 баллга, Доорот-Коргон айылында 2,5 баллга сезилди. Кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×