Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуӨзгөн району 18.07.2016 13:40

Өзгөндө өспүрүм кыз зордукталды

Turmush -  Өзгөндө 15 жаштагы өспүрүм кыз зордукталгандыгы боюнча иш козголду. 16-июлда түнкү саат 03:00 чамасында Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жабырлануучунун апасы кайрылган. Анын айтымында, 13-июль күнү 15 жаштагы кызын «Алмаз» аттуу чала таанышы өзүнүн үйүндө күч колдонуп зордуктаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын негизинде Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1995-жылы туулган тургуну А.А. кармалды. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү 13-июлда өспүрүм кызды өзүнүн үйүнө алып барып, зомбулук көрсөтүп, эркине каршы жыныстык катнашта болгон.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси менен козголгон ишти тергөө улантылып жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×