Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуАлай району 19.07.2016 18:11

Алайдагы катуу жаандан кийинки сел унаа жолдорду жапты

Turmush -  Бүгүн, 19-июлда саат 16:50 чамасында Ош облусунун Алай районунда катуу жаан жаады. Анын кесепетинен Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун 112-132-чакырымдарында болжол менен 7 жерден сел түштү. Аталган унаа жол селден улам убактылуу жабылды, деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, Сопу-Коргон—Терек унаа жолунун болжол менен 5 жеринен сел калдыктары түшүп, жабылды. Аскалы айылына баруучу унаа жолго дагы сел агындылары түшүп, каттам токтотулду.

Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Тактоо иштери улантылып, селдин кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×