Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу, Ош 19.07.2016 19:05

Ошто 2 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп өлтүргөн айдоочу качып кеткен

Turmush -  Ош шаарындагы жолдун четинде бараткан 2 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп өлтүргөн айдоочу качып кеткен.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 15-июлда саат 21:30 чамасында белгисиз айдоочу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү аркылуу батыштан-чыгышты көздөй бараткан. №93 үйдүн тушуна жеткенде 2014-жылы туулган Шахзод Нешанбаевди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен алган жаракатынан улам Ш.Нешанбаев ооруканада каза болгон.

3 күндөн кийин шектүү катары «Мерседес-Бенц 280 Е» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Н. кармалды. Тиешелүү берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×