Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 20.07.2016 08:36

Ошто 15 миң сомдук ит уурдап кармалган 18 жаштагы шектүү үйлөрдү тоноп жүргөн, - ШИИБ

Turmush -  Ош шаарынан 15 миң сомдук итти уурдаганга шектелип 18 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Туран кичи районунун Бөкөнбаев көчөсүндөгү №2 үйдүн 67 жаштагы тургуну 20-июнда үйүнөн далматин породасындагы итин уурдатканын билдирген. Анын айтымында, уурдалган ит 15 миң сомго бааланат.

Ыкчам иш-чаралардын негизинде Ош шаарынын Достук көчөсүндө жашаган 18 жаштагы жигит шектүү катары кармалды. Иликтөө учурунда андан шаардагы 2 үйдөн уурдалган буюмдар алынды. Ал 2 үйдөн баалуу буюмдар менен акча каражаты кошо уурдалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×