Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 20.07.2016 09:16

Фото - Алайдагы кечээки селдин кесепеттери

Turmush -  Кечээ, 19-июлда саат 16:50 чамасында Ош облусунун Алай районунда катуу жаан жаагандан кийин убактылуу жабылган жолдор  ачылды. Каттамдар саат 19:00гө карата №959 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазаланып бүттү, учурда жолду кеңейтүү иштери улантылууда, деп маалымдайт ӨКМ.

Жаандын кесепетинен Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун 112-132-чакырымдарында болжол менен 7 жерден сел түшкөн.

Ошондой эле, Сопу-Коргон—Терек унаа жолунун болжол менен 5 жеринен сел калдыктары түшүп, жабылган. Аскалы айылына баруучу унаа жолго дагы сел агындылары түшүп, каттам токтотулган.

Адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×