Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуКара-Суу району 20.07.2016 14:16

Полковниктин өлүмү Кара-Суу райондук сотунда каралууда

Turmush -  Киши колдуу болуп каза болгон милициянын полковниги Толкун Шоноевдин өлүмүнө шектүү катары кармалган «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновдун үстүнөн козголгон ишти Кара-Суу райондук соту бүгүн, 20-июлда карап жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Н.Сүйүнбаева

Назгуль Суйунбаева

К.Досоновго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (кылмыштуу топту уюштуруу), 30-241-беренеси (курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү), 30-97-беренеси (уюшуп алып, кызматтык милдетин аткарып жаткан адамды мыкаачылык менен өлтүрүү) жана 30-340-беренеси (уюшуп алып укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

К.Досонов

Досонов

Эске салсак, УКМК ыкчам-иликтөө иш-чараларды жүргүзүү менен издөөгө алынган 44 жаштагы К.Досоновду 2015-жылдын 16-апрелинде колго түшүргөн. Башкы прокуратуранын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы К.Досоновду суракка алууну баштагандыгы 14-майда маалымдалган.

ИИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары жана Ош шаары боюнча бандиттик, буюртма өлтүрүүлөр жана талап-тоноочулук боюнча бөлүмдүн мурунку башчысы Толкунбек Шоноевдин өмүрүнө кол салуу 2013-жылдын 11-январында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында болгон.

Т.Шоноев

Т.Шоноев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×