Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуАлай району 20.07.2016 15:06

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титиреди

Turmush -  Бүгүн, 20-июлда саат 14:10дө Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

УИАнын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында, Алай тоо кыркаларында, Алайдагы Нура айылынан түштүк-батышка 45 чакырымда, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка 20 чакырымда, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка 28 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 2,5-3 баллга, Кара-Киндикте 2,5 баллга сезилди.

Кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп маалымдайт ӨКМ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×