Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 21.07.2016 08:29

Имамдын сүрөтүнө «жакты» белгисин баскан 21 жаштагы жигитке чыгарылган өкүм өзгөртүлгөн жок (фото)

Turmush -  Кара-Суу шаарынын 21 жаштагы тургуну А.Нурматов социалдык түйүндөгү баракчасында соттолгон имамдын сүрөтүн жактыргандыгы үчүн айыпталды.

Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренеси (экстремисттик материалдарды жайылтуу, экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) менен иш козголгон.

А.Нурматов (оңдо)

А.Н.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, 2015-жылдын 20-августунда Ош ШИИБдин 10-бөлүмү тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары өткөрүлүп, А.Нурматов «Классташтар» («Одноклассники») социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу тыюу салынган диний мазмундагы маалыматтарды тараткандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле, анын электрондук почтасынан 15 даана барактан турган материалдар алынып, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүндө диний экспертиза дайындалган. Материалдар тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик партиясына таандык экени аныкталган.

Ушул жылдын 18-майында Ош шаардык соту А.Нурматовго жаза чектөөдө жаш курагын, биринчи жолу соттолуп жатканын жеңилдетүүчү жагдай катары эске алып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыратты.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп табылып, 1 жылга сынак мөөнөтү белгиленген.

Өкүмгө макул болбогон соттолуучунун жактоочусу апелляциялык арыз менен кайрылган.

2016-жылдын 18-июнунда аталган иш Ош облустук соту тарабынан каралып, Ош шаардык сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Мурда маалымдалгандай, 2015-жылдын августунда А.Нурматов Кара-Суудагы мечиттин мурунку имамы Рашот Камалов менен диний активист Дильер Жумабаевдин сүрөтүнө «жакты» белгисин баскандыгы үчүн кармалып, эскертүү алган.

А.Нурматов «жакты» белгисин баскан сүрөт.

Фото из социальной сети

Р.Камалов менен Д.Жумабаев 

2015-жылдын ноябрь айында Ош облустук соту Рашот Камаловду 10 жылга эркинен ажыраткан.

Кара-Суудагы мечиттин мурунку имамы Р.Камаловдун ишин тергөөдө коркутуулар болду, - ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×