Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуАлай району 21.07.2016 13:54

Алайдагы жер титирөө 5,5 баллга жетти

Turmush -  Бүгүн, 21-июлда саат 11:29да өлкө аймагында очогундагы күчү 5-5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

УИАнын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Алай тоо кыркаларында, Алайдагы Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка 25 чакырымда, Кара-Киндиктен түштүк-чыгышка 25 чакырымда, Нура айылынан түштүк-батышка 35 чакырымда жана Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышка 40 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 5 баллга, Нура айылында 4 баллга Кара-Киндикте 4-4,5 баллга, Сары-Ташта 3,5 баллга сезилди.

Кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бүгүн, 21-июлда саат 06:26да дагы Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×