Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Ош

Жер-жемиш өспөгөн 3150 метр бийиктиктеги Талды-Суу айыл өкмөтү тунук суусу менен сыймыктанат (фото)

Turmush -  Деңиз деңгээлинен 3150 метр бийиктикте жайгашкан Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтү Талдык ашуусунан түшкөн суудан улам Талды-Суу аталып калган. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Ырыскан Орокбаева аймактык кабарчыга билдирди.

«Биздин айылды Талдык ашуусунан келген суу аралап өтөт. Ошондон улам Талдыктан келген суу бар айыл деп аталып жүрүп, Талды-Суу аталып калганын угуп жүрөм. Айыл эли мал чарбачылыгы менен алектенет. Айыл өкмөттүн курамында Талды-Суу жана Арчалуу деген 2 айыл бар. Жашоочулар үчүн атайын оорукана, бала бакча мектеп курулган. Жалпы 2337 адам жашайт», - деди Ы.Орокбаева.

Жергиликтүү тургун Барчынай Калмурат кызы Талды-Суу дегенди укканда көпчүлүк бак-дарактар көп деп ойлой турганын айтат.

«Талды-Суу деген аталыш айылды аралап өткөн суунун тазалыгы, тунуктугу менен байланыштуу. Талды-Суудан болом десем, "талдар көппү?" деген суроо  узатышат. Биздин айылда тал аз өсөт. Деңиз деңгээлинен бийик болгондуктан жашылча, жер-жемиштер өспөйт», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17715
Элдик уламыштар
Көп окулду
×