Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Элдик уламыш: Эрке-Кашка айылы байдын эрке токолунан тараган урпактардын атынан калган (фото)

Turmush -  Ош шаарынан 40 чакырым алыстыкта Эрке-Кашка айылы жайгашкан. Айыл Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнө карайт. Айылдын аталышы боюнча эл оозунда ар кандай кептер жана уламыштар айтылып келет. Айрымдар бул аймакты Муңгуш деп аташат.

Эрке-Кашка менен Муңгуш аталышынын себептери боюнча эки башка варианттар айтылганы менен түпкү теги бир уламышка барып такалат.

эрке44

Айыл аксакалдарынын айтымында, байларды кулакка тартканга чейин жергиликтүү байдын 6 аялы болгон. Анын аялдарынан тараган балдары өздөрүнчө айыл түптөгөн деген кептер айтылат. Учурда Улуу-Катын, Көк-Жатык, Маңгыт, Эрке-Кашка, Соколок, Сарылар, Сарай айылдарынын аталышын ушул уламышка байланыштырышат.

Анын эң кенже, эрке токолунан тараган урпактары «эрке зайыптын балдары», «эрке балдар» деп аталып жүрүп, алар жашаган аймак Эрке-Кашка аталып калган, дешет айыл аксакалдары. Байдын зайыптары ар кайсы аймактарда болгондуктан балдары ар башка жерлерде жайгашып калган.

эрке666

Эрке-Кашка айылынын санжыраны жакшы билген 65 жаштагы тургуну Жусуп Нурматов айылдын аталышы тууралуу билгендерин Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Кыргыздар санжырага өтө бай. Уруу-урууга бөлүнүп, кээ бир аймактар уруулардын ысымын алып калган. Биздин айылды Муңгуш деп атагандар өтө сейрек кездешет. Муңгуш — бул куштун аты. Ал 3 бир тууган болгон. Атасы куштун ысымын баласына эмне себептен ыйгарганы тууралуу так маалыматтар жок. Куштай алгыр, көптү бийиктиктен көрө билген адам болсун деп тилеген деп божомолдойбуз.

Муңгуштан 12 бала тарап, алардын көпчүлүгү чөлдүү аймактарга отурукташкан», - деди Ж.Нурматов.

эрке88

Муңгуш уруусунан тараган билгилүү инсандардын катарын туңгуч сүрөтчү Гапар Айтиев, туңгуч премьер-министр Насирдин Исанов жана Алай ханышасы Курманжан датка толуктайт.

Учурда Эрке-Кашка айылында 230 кожолук бар. Көп улуттан куралган айылдын негизги чарбачылыгы – дыйканчылык. Жашоочулардын көпчүлүгү пахта, жүгөрү, күн карама жана кулпунай өстүрөт.

эрке66

эрке7

эрке3

эрке1

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9397
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×