Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-февраль

При поддержке MegaCom

Эл ичи - өнөр кенчи: Кара-суулук 21 жаштагы Р.Сатылганов окуучу кезинде эле таэквондо боюнча машыктыруучу болгон (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылынын 21 жаштагы тургуну Руслан Сатылганов 3 жылдан бери таэквондо боюнча машыктыруучу болуп иштейт. Аймактык кабарчы спортчудан кабар алды.

Анын айтымында, спорт менен машыгууну атасы сунуштаган.

«Мектепте окуп жүргөндө балдардан токмок жеп, өзүмдү коргой алчу эмесмин. 8-класстын окуучусу улам атасына арызданып келе берүүсү эркек балдар үчүн уят көрүнүш. Атама арызданбасам деле сезди окшойт. Өзүңө бекем бол деп спорт менен машыгуумду сунуштады. Ал тургай залга алып барып, сергек жашоомо түрткү болду. Атам көрсөткөн жол эң туура экенин ийгиликтерге жеткенде түшүндүм», - деди ал.

Спортчунун айтымында, машыгууда шамдагайлык жана зиректик талап кылынат. Руслан 2012-жылы Бишкек шаарында республикалык деңгээлде өткөн мелдеште 3-орунду багындырган. Ошол эле мелдеш Ош шаарында өткөндө 1-орунду ээлеген. Таэквондо менен машыккандар ар 2 айда үйрөнгөндөрүн сынакта көрсөтүшөт.

«Таэквондого алгачкы келген спортчуга ак түстөгү кур берилет. Ал үйрөткөндөрүбүздү мыкты деңгээлде өздөштүргөнүн, үйрөнгөнүн көрсөтүп берсе сары түстөгү кур тапшырабыз. Арадан 2 ай өткөндө дагы өзүн жакшы көрсөтсө жашыл, көк, кызыл, кара кур берилип, даражасы жогорулап кете берет. Эгер сынактын талаптарына жооп бербесе ошол бойдон кала берет да, кийинки сынакта өзүн көрсөтүшү мүмкүн. Сынакта бутунун түздүгүн, тактайчаларды тээп сындыруу, бийиктикке секирүү боюнча күчүн көрсөтө алышат.

Мен 11-классты окуп жатканда окуучуларга жана өзүм теңдүүлөргө машыктыруучу боло баштадым. Агайым өзү башка жактан зал ачканына байланыштуу мени Жалал-Абад облусундагы залга машыктыруучу кылып дайындады», - деди Руслан.

Таэквондого 6 жаштан жогору жаштагылар кабыл алынгандыктан Русландын окуучуларынын басымдуу бөлүгү мектеп окуучулары. Учурда 50дөн ашуун жаш спортчуларын мелдештерге даярдап жатат. Окуучуларынын арасында ийгиликтерге жетишкендери көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4543
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
01.01.1970, 06:00
×