Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

Көчөдө картондо уктап жаткан Исхактын үй-бүлөсүнө 3 бөлмөлүү батир берилди (фото)

Turmush -  Картон кагазда уктап жаткан жеринен тартылган сүрөтү талкууга алынган 3 жаштагы Исхактын үй-бүлөсүнө президент үй берди. Кара-Суу шаарынын Арашан шаарчасындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын Президенттик аппараттын өкүлү 8-ноябрь күнү тапшырды.

Исхактын апасы Зулфия Үсөнова бул үйдө бардык шарттар бар экенин билдирди.

«Бизге Кара-Суу шаарынын Арашан шаарчасынан 3 бөлмөлүү үй берилди. Бул үчүн президентке жана журналисттерге ыраазычылык билдирем», - деди З.Үсөнова.

Жерге картон кагаз салып уктап жаткан баланын сүрөтү социалдык тармактарга тарагандан кийин 17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев окуянын чоо-жайын аныктоону жана жардам берүүнү өкмөткө тапшырган. Кийин белгилүү болгондой, Кадамжайдан Кара-Сууга келип жалданып иштеп жүргөн жалгыз бой эне батирдин акчасын төлөй албай, 3 баласы менен көчөдө калган. Алардын атасы жумуш издеп кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

3
Жалгыз бой эненин жана балдарынын өздүгүн аныктоочу документтери да жок болуп чыгып, Исхакка туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө дагы документ бериле турганы маалымдалган.

Тема боюнча:

18.09.2016Картондун үстүндө уктаган 3 жаштагы Исхак апасы жана бир туугандары менен көчөдө калган (фото)
19.09.2016Өкмөт: 3 жашар Исхактын үй-бүлөсүнө тийиштүү көмөк көрсөтүлүүдө
19.09.2016Көчөдө картондо уктап жаткан Исхак 2 айлык иниси менен Оштогу реабилитациялык борборго тапшырылды (фото)
19.09.2016А.Атамбаев 3 жаштагы Исхактын үй-бүлөсүн турак-жай менен камсыз кылууну тапшырды
14.10.2016Картондун үстүндө уктап жаткан сүрөтү кызуу талкуу жараткан Исхак бир туугандары менен жөлөк пул алмай болду
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3934
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Aidar_Xo
17:42, 10 ноября 2016
Кылганынар жакшы. Бирок мындайлар канча? Мисалы менин да уйум жок,квартилап журом. Мамлекет мага жардам берген жок, налог толоп эле жашап журо беремби? Андан коро шаар четине коп кабаттуу уйлорду куруп квартирага берген акчаларды уйу жоктордон алса жакшы болмок.
Эң кызыктуу
×