При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 1-май

Президент үй бергенден кийин жолдошум жарашам деп жатат, - картондо уктап жаткан Исхактын апасы (фото)

Turmush -  Жерге салынган картон кагазда уктап жаткан 3 жаштагы Исхакка президент Алмазбек Атамбаев Кара-Суу шаарынан бардык шарты бар үч бөлмөлүү үйдү белекке берди.

Президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору Акылбек Орозалиев, Исхактын апасы Зульфия Үсөновага үйдүн ачкычы менен сертификатын тапшырды. Белек тапшыруу аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Кара-Суу районунун акими Тилек Матираимов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бийлик өкүлдөрү мамлекет башчысы бул үй-бүлөнүн абалы туралуу кабардар болгондон баштап баланын тек-жайын аныктоону жана тиешелүү жардам берүүнү өкмөткө тапшыргандыгын айтышып, мындан аркы жашоосуна ийгиликтерди каалашты.

Жаңы үйгө ээ болуп, кубанычка толуп турган жалгыз бой эне З.Үсөнова президент А.Атамбаевге терең ыраазычылыгын билдирди.

Буга чейин өздүгүн аныктоочу документтери жок жүргөн бир туугандарга документтер даярдалып, ай сайын жөлөк пул берилип жатат. 

Батир алган Исхактын апасы Зульфия Үсөнова кубанганынан көзүнө жаш алды. 

«Кадамжай районунан иштеп акча табуу үчүн Кара-Суу районуна келгенбиз. Жолдошум жумуш издеп келем деп үйдөн чыккан бойдон дайынсыз жоголду. Ал кезде кош бойлуу болчумун. Күйөөм таштап кеткенден кийин унаа токтоочу жайларда иштеп жүрүп, операция жолу менен төрөдүм. Бир туугандарым, жолдошум мени кыйын абалда таштап кетишти.

Исхакты картонго 5-10 мүнөткө эле жаткыргам. Таңга жуук Исхак уктап баратканынан колумда бала көтөрүп жүргөндүктөн жерге жаткыра койгом», - деди ал.

Зульфия айымдын 4 баласы бар. Улуу баласы атасынын колунда. Үйлүү болгондон кийин жолдошу байланышка чыкканын таң калуу менен кошумчалады. 

«Мен кыйналганда таштап кеткен жолдошум биздин үй алганыбызды интернеттен окуп, кайра байланышка чыгып жатат. Кечирим сурап, жарашам деп жатат. Көңүлүм абдан калды. Эми батирлүү болгондо чогуу жашайлы дегенден уялган жок. Эркек болсо балдарымды таштап кетпей бакмак. 

Батирде жашап жатканыма ишене албай турам. Кайра алып койбойбу деп чоочулап жатам», - деди З.Үсөнова.

Азырынча 3 бөлмөлүү батирдин документтери толугу менен бериле элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11426
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Djoni1010
06:57, 11 ноября 2016
100% гарантия, күйөөсү менен жарашып алат, эми бекем бол Зульфия! Сени балдарың менен көчөгө таштаган адамдын колунан дагы кандай жакшылык болот.
Көп окулду
×