При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Тубаса майып төрөлгөн А.Кадырова 22 жашында биринчи жолу паспорт алды

Turmush -  Өзгөн районунун тургуну Алиман Кадырова 22 жашында паспорт алды. Тубаса майып төрөлгөн Алиман апасынын паспорту жоктугунан документ ала албай келген. Бул тууралуу өзү аймактык кабарчыга билдирди.

«20 күн мурун паспорт алдым. Аябай кубанып  жатам. Ошондой эле, Ош мамлекеттик университетинин искусство факультети келишимдик акынын 30%ын жеңилдетип берди», - деди кубанган А.Кадырова.

Алиман

Анын апасы Шырман Үсөнова Өзбекстанга турмушка чыгып, ал жактан жарандык алган. Бирок, 2 кыздуу болгондон кийин ажырашып, туулган жерине кайтып келген. Андан бери Кыргызстандын жарандыгын ала элек, учурда жумушсуз.

«Менин 2 кызым бар. Улуу кызым турмушка чыккан. Бирок паспорту жоктугунан туруктуу жумушка орношо албай жатат. Ал кызыма да паспорт берилсе жакшы болот эле», - дейт апасы.

Алиман жеке концертин өткөрүп, топтолгон каражатка бутуна 6-жолу операция жасатканын буга чейинки маегинде айтып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1299
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
01.01.1970, 06:00
×