Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 30.11.2016 13:58

Элдик уламыштар: Кара-Суудагы Лаглан айылын жаратылышына суктанган Көкчө баатыр түптөгөн

Turmush -  Кара-Суу районунун Лаглан айылы Ош шаарынан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдын түптөлүшү 17-кылымдарга барып такалат. Аталган айылга алгачкылардан болуп Көкчө баатыр барганы айтылат. Тилеке баатырдын бир тууган иниси Көкчө баатыр куш салып, аңчылыкка чыкканды сүйгөн.

Айылга байланыштуу уламыштар тууралуу айыл башчысы Аданбек Калматов айтып берди.

«Көкчө баатыр адаттагыдай аң уулоодо жүрүп, кушун жоготуп алат. Аны издеп биз отурукташкан жерге чейин келген экен. Ал убактагы чытырман токой жана ээн талаа, шаркыратма суу баатырдын көңүлүнө жагат. Издеген кушу да биздин токойдон табылат. Эки жакка көз чаптырган баатыр өзү отурукташкан жерин 40 байталга алмаштырып жиберет да, азык-түлүгүн алып, түн жамынып жолго чыгып кетет. Ошол убакта Көкчө баатыр азыркы аэропорттун ордунда жашаган экен.

Биздин айыл жердин кенендигинен улам "лагыл" деген сөздөн аталып калган. Жыл алмашып, кылымдар өтүп, сөздөр кыскартылып отуруп "Лагылдаган" деген аталыш 19-кылымдан тартып "Лаглан" деп айтыла баштаган. Демек, Лаглан айылынын аталышы жашоого ыңгайлуу, кенен жер дегенди түшүндүрөт.

Өзүнө журт топтоп, тоонун түбүн байырлаган Көкчө баатыр дарыянын жанына отурукташкан. Аймакта жашоо шарт мал кармоого ыңгайлуу болгондуктан, жайды Олокон тоонун түбүнө, кышты Камыр дарыясынын жээгинде өткөрүшкөн», - деди А.Калматов.

Айылды аралап аккан Камыр дарыясы бар. Дарыянын суусу жуурулган камырга окшогондуктан Камыр дарыясы деп атап коюшкан. Ошондой эле, Лаглан айылында сырлуу жайлар көп экени айтылат.

«Олокон тоосу биздин айылга да тиешелүү болгондуктан ал жакка жайлоого чыгабыз. Ага байланыштуу ар кандай уламыштар айтылып жүрөт.

Хандын балдарын кара курт чагып өлтүрө берет. Аман калган жалгыз уулун Олокон тоосуна алып чыгып, бой жеткенче ошол жакта бакмай болот. Бирок, кара курт уулуна жеткирилген жүзүм менен кошо келип, ал баласын да өлтүргөнү айтылат. Учурда ал тоонун үстүндө тегиз жер бар. Адам жашаганга ыңгайлуу болгондуктан бул божомолдорго ишенүүгө болот. Ал хан баласы өлгөндөн кийин барын таштап кеткен дешет.

Бүгүнкү күнгө чейин эски боз үйдүн кереге, ууктарынын калдыктары тоонун үстүндө жатат. Кээ бир уламыштарда Манастын атасы Жакып отурукташканы да айтылат. Кандай болгон күндө да хандын же байдын жашап кеткени чындык», - деди А.Калматов.

Көкчө баатыр отурукташып, түптөгөн айылда жашагандар көкчө уруусу деп аталат. Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунан келип отурукташып калган бугу уруусу да бар.
Учурда Лаглан айылында миңден ашуун калк болсо, кожолуктун саны 170тен ашат.

Жашоочулар мал багып, балык уулап, жайкысын бал аары кармашат. Аталган айылдагы токойлор сакталып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×