Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

Өзгөндөгү окуучулар арасында стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат боюнча мыктылар аныкталды (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарындагы окуучулар арасында стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат боюнча шаар биринчилиги өттү. Бул тууралуу өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин башчысы Азиз Мавлянов аймактык кабарчыга билдирди.

Биринчиликке шаардагы 8 мектептен 100 окуучу катышты. Жыйынтыгында стол тенниси боюнча 1-орунду Курманжан датка мектеби, 2-орунду В.Ленин орто мектеби, 3-орунду №7 гимназиясы ээледи.

Ал эми, тогуз коргоол боюнча 1-орунду Курманжан датка мектебинин окуучулары, 2-орунду №7 гимназиясы, 3-орунду С.Шарипов орто мектеби камсыз кылды. Шахмат боюнча 1-орунду Курманжан датка мектеби ээлесе, 2-орунду З.Бабур мектеби, 3-орунду А.Навои атындагы орто мектеби алды. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан медаль жана дипломдор тапшырылды.

Мелдешке Өзгөн шаарынын шахмат боюнча 5 жолку чемпиону Исакжан Дадажанов келип, шахмат боюнча мастер-класс өтүп берди. Иш-чаранын соңунда Өзгөн райондук ооруканасынын дарыгери Асылбек Чотоев окуучуларга СПИД, андан сактануу жолдору тууралуу кенен маалымат берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1057
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×