При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Айыл турмушу: Ноокаттык мугалим өзү жасаган үн чыгаруучу такта менен сабак өтөт (видео)

Turmush -  Ноокат районундагы Арбын айылында жашаган сүрөтчү, скульптор мугалим Акылбек Осмонов балдарга билим берүүдө өзгөчө ыкмаларды пайдаланат. Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу аракетин көргөн мугалим белги берүүчү такта ойлоп тапкан. Ал жаштардын сабакка болгон кызыгуусун оюндар аркылуу жандандырууга болот деген пикирин аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Учурда Акылбек Осмонов Ноокат райондук көркөм сүрөт мектеп-интернатында скульптура боюнча сабак берүүдө. Бул мектепке таланттуу окуучулар атайын сынак менен гана кабыл алынат.

«Мен балдардын жөндөмдүүлүгүн, кызыгуусун арттыруу максатында оюндар менен сабак өтөм. Анткени балдардын сабакка болгон кызыгуусу төмөн. Биздин мектепте таланттуу балдар билим алат, алар сүрөтчүлүккө кызыккан дилгир балдар.

Бизде интерактивдүү тактанын жоктугунан өзүм үн чыгаруучу такта жасагам. Ага ар кандай суроолорду түзүп, жайгаштырып койгом. Бул тактай батарейка менен гана иштейт. Мен суроону басканда, окуучу туура жообун таап көрсөтүп бере алса, тактайдан жооптун туура экенин тастыктаган үн чыгат. Бул балдардын кандай даярдыкта келгенин, теманы канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн белги аркылуу билдирип берет.

Ошону менен катар кызыктыруу үчүн «Керемет талаа» («Поле чудес») оюну аркылуу скульптураны башка предметтер менен айкалыштырып өтөм. Эгер окуучу байгеге туура келсе, "5" алганга же жооп берүүдөн бошотулганга мүмкүнчүлүгү бар», - деди мугалим.

Акылбек мырза кичине кезинен бери сүрөтчүлүккө кызыгып, кызыгуусун кесипке айландырган.

«Балалык кезде эле сүрөт тартууну жактырчумун. Кийин кыялымды ишке ашыруу үчүн Караколдогу институттан сүрөтчүлүк жаатта билим алдым. Дипломдук ишимди скульптура боюнча жактагандыктан скульптура мени өзүнө арбап алды. 31 жылдан бери мектептерде иштеп келем. Бул мектепте 8 жылдан бери скульптура боюнча балдарга сабак берип жатам», - деди скульптор.

Акылбек Осмоновдун колунан жаралган айкелдер Ноокат районундагы мектептерде, парктарда коюлган. Ал Манастын, Саякбай Каралаевдин, Алыкул Осмоновдун, Каныкейдин жана Бакайдын айкелдерин да жасаган.

Учурда 53 жашта, 3 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3960
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
01.01.1970, 06:00
×