При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Өзгөндө мэриянын балаты майрамында компьютер, принтер белекке берилди

Turmush -  Өзгөн шаарында мэрдин балаты майрамы өтүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана мыкты окуган 240 бала чакырылды. Мэриядан кабарчыга маалымдалгандай, иш-чара С.Шарипов атындагы орто мектепте уюштурулган.

Мэрдин балатысына шаар мэри Саипжон Пратов, вице-мэр Р. Атаджанов шаардагы 8 мектептин окуучулары, мугалимдер катышты. Шаар мэри балдарды майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды.

Майрамдын алкагында окуучулар арасында сынак өткөрүлүп, мыкты номурлардын аткаруучулары аныкталды. Жыйынтыгында 1-орунду Курманжан датка орто мектебинин окуучулары ээлеп, компьютер менен сыйланышты. 2-орунду Алишер Навои мектебинин окуучулары ээлеп, принтер алса, 3-орунга чыккан С.Шарипов мектеби магниттик тактага ээ болушту.

Ошондой эле, балаты майрамына чакырылган 240 балага жаңы жылдык белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1155
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×