Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ош

Фото - Алайдын Корул айыл өкмөтүндөгү үйдөн учактын алдында калган 5 адамдын сөөгү чыкты

Turmush -  Авиакырсыктан каза болгон Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн тургундары бүгүн, 18-январда жерге берилди. Коштошуу зыйнатына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов катышып, каза болгондордун үй-бүлөсүнө президенттин атынан 100 миң сом, өкмөттүн атынан 70 миң сом жана өкүлчүлүктүн акчалай жардамын тапшырды.

Анын айтымында, каза болгон 5 адам жакын туугандар.

Тизме:

- 1989-жылы туулган Орозбаева Айжамал Максатбековна;

- 1959-жылы туулган Орозбаева Бүнаркан (Айжамалдын апасы);

- 2006-жылы туулган Максатбеков Тимур Зарылбекович (Айжамалдын иниси);

- 1976-жылы туулган Келишова Айнуса (Айжамалдын таежеси);

- 2006-жылы туулган Шайырбек уулу Айбол.

Алардын туугандарынын айтымында, Айжамал жакында турмушка чыкмак. Ага бериле турган септи даярдап жатышкан. Ал эми Айжамалдын таежеси А.Келишова айылынан иштеп акча табуу үчүн борборго жакында эле кетип, эжесинин үйүндө жашап жаткан.

Акыркы маалыматтар боюнча авиакырсыктан 37 адам каза болуп, 23 үй талкаланды. Каза болгондордун төртөө жүк ташуучу учактын экипажындагы мүчөлөр, калгандары «Манас» аэропортуна жакын айылдын тургундары болгон.

Айжамал Орозбаева

11

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3062
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×