Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фото - Авиакырсыктан 40 жашында каза болгон Айнус Келишованын 6 баласы калды

Turmush -  Авиакырсыктан 40 жашында каза болгон Алай районунун Корул айыл аймагынын тургуну Айнус Келишованын артында 6 баласы жана жолдошу калды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Алардын айтымында, ал бир тууган эжеси Бүнаркан Орозбаеванын «Манас» аэропортуна жакын курулуш тилкесиндеги үйүндө жашап, жээнине (каза болгон Айжамал Орозбаева) сеп даярдоого жардамдашып жаткан. Айжамал 1 айдан кийин турмушка чыгып, үйлөнүү тою өтмөк.

Каза болгондордун денеси бүгүн, 18-январда айылында жерге берилди.

Анын үй-бүлөсүнө президенттин, өкмөттүн атынан акчалай жардам жана ЖКнын депутаты Улан Примовдун атынан 50 миң сом, 3 тонна көмүр берилди.

Айнуса Келишова менен кошо каза тапкан туугандары:

- 1989-жылы туулган Орозбаева Айжамал Максатбековна (жээни);

- 1959-жылы туулган Орозбаева Бүнаркан (Айжамалдын апасы);

- 2006-жылы туулган Максатбеков Тимур Зарылбекович (Айжамалдын иниси);

- 2006-жылы туулган Шайырбек уулу Айбол.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3831
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу