Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Ош

«Женгонун» ишин УКМК тергейт

Turmush -  Киши колдуу болуп каза болгон милициянын полковниги Толкун Шоноевдин өлүмүнө шектүү катары кармалган «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновдун үстүнөн козголгон ишти УКМК тергей баштады. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

51

(Жактоочу Н.Сүйүнбаева)

Анын айтымында, буга чейин соттук отурумдар болуп, иштин кайра тергөөгө кайтуусу үчүн жактоочу сотко кайрылган. Жаңы өзгөрүүлөрдөн улам ишти УКМК тергей баштайт.

Окуя тууралуу:

К.Досоновго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (кылмыштуу топту уюштуруу), 30-241-беренеси (курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү), 30-97-беренеси (уюшуп алып, кызматтык милдетин аткарып жаткан адамды мыкаачылык менен өлтүрүү) жана 30-340-беренеси (уюшуп алып укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү) менен кылмыш иш козголгон.

52

(К.Досонов)

УКМК ыкчам-иликтөө иш-чараларды жүргүзүү менен издөөгө алынган 44 жаштагы К.Досоновду 2015-жылдын 16-апрелинде колго түшүргөн. Башкы прокуратуранын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы К.Досоновду суракка алууну баштагандыгы 14-майда маалымдалган.
ИИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары жана Ош шаары боюнча бандиттик, буюртма өлтүрүүлөр жана талап-тоноочулук боюнча бөлүмдүн мурунку башчысы Толкунбек Шоноевдин өмүрүнө кол салуу 2013-жылдын 11-январында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2092
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×