При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 1-май

Кара-Суу шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн саркынды сууларын топтоочу жай курулду

Turmush -  Кара-Суу шаарынын Арашан кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн саркынды сууларын топтоочу жай курулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Арашан кичи районунда буга чейин саркынды топтоочу жай иштен чыккандыгына байланыштуу, акыр-чикирлер туш келди жака төгүлүп келген. Мамэкотехинспекциянын текшерүүсүнүн натыйжасында жергиликтүү бийликке, бир нече ирээт эскертүү берилип, тез аранын ичинде саркынды топтоочу жайды куруу боюнча тапшырма берилген. Учурда аталган аймакта убакытылуу саркынды топтоочу жайы казылып ишке берилди. Андыктан коңшу мамлекетке зыян алып келе турган кооптуу абал жөнгө салынды.

Ал эми убактылуу саркынды жайынын иштөө мөөнөтү бүткөнчө атайын түзүлгөн долбоордун негизинде, көлөмү шаарды камсыздай турган саркынды жайы курулаары мерчемделүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1609
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×