При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Аравандагы мушташта мойнуна бычак сайылган окуучу Оштогу ооруканага которулду (фото)

Turmush -  Араванда окуучулардын чырынан мойнуна бычак жеген бир окуучу Оштогу ооруканага которулду. Бул тууралуу Араван аймактык ооруканасынын башчысы Усманжан Мамажанов билдирди.

«Ооруканага түшкөн окуучулардын учурда абалдары жакшы. Мойнуна бычак жеген 9-класстын окуучусу С.Э. Ошко неврохирургияга которулду. Калган 11-класстын 3 окуучусу учурда райондук оруканада жатат», - деди Мамажанов.

1

21-январда райондун Төбө-Коргон айылындагы 9-11-класстын окуучулары баскетбол оюнунда чырдаша кетишкен. Чырдан улам окуучулар түндө мушташып бычак колдонулуп, 4 окуучу жабыр тарткан.

Араван РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүү катары 4 окуучуну кармаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2245
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×